Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Депутат: Токтогул ГЭСинин ичинде майнинг-фермалар бар экендиги тууралуу такталбаган маалыматтар бар

14.06.2023 10:34
543
Депутат: Токтогул ГЭСинин ичинде майнинг-фермалар бар экендиги тууралуу такталбаган маалыматтар бар


Кечээ, 13-июнда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында депутат Максатбек Сарбагышев Токтогул ГЭСинин ичинде манинг-фермалар иштеп жатканы тууралуу такталбаган маалымат бар экенин билдирди.


Жыйындын жүрүшүндө энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркыдан 2 миллиард метр кубга аз экенин билдирди. Анын айтымында, 13-июнга карата суу сактагычтагы суунун көлөмү 2022-жылдагы 11 миллиардга салыштырмалуу 8 миллиард 880 миллион кубометрди түздү.


Аткаминер суунун аз киришин мөңгүлөрдүн эрибей жатышы менен түшүндүрдү.


Сарбагышев белгилегендей, Нарын дарыясында Токтогул суу сактагычына суунун агымы жакшы, андыктан азыраак көлөмдө болушу күмөндүү.


«Токтогул суу сактагычынын ичинде жашыруун манинг-фермалар бар деген маалымат бар», - деди эл өкүлү.


Жакыпов майнинг-фермаларды көргөн эмесмин деп жооп берип, Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы мөңгүлөрдөн суу аз агып жатканын түшүндүрдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн