Кулжа 29, 2024
Убакыт: 06:23
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

Депутат Токтогул суу сактагычын кантип толтурса боло турганын айтты

23.06.2021 18:35
1412
Депутат Токтогул суу сактагычын кантип толтурса боло турганын айтты


Бүгүн, 23-июнда депутат Эрмамат Тагаев Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн кантип көбөйтүү керек экендигин айтты.


Ал суунуну пайда болушун күтпөй, аракет кылуу керектигин айтты. "3,5 миң метр бийиктикте жаткан кар сууктан ээрибей жатат. Силер ал жакка тик учак менен көмүрдүн күлүн чачсаңар эле кар ээрийт. Кайсыл дарыяда суу аз ошону караш керек да, ошол жакка тик учакты жөнөтүш керек. Мына ошондо суунүн деңгээли көтөрүлмөк", - деди Тагаев.


Анын айтымында, дагы убакыт бар. Суусуз 10 млрд жоготсок, азыр суу келсе сумма 100 млн.го чейин кыскарат.


Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов бул кеңешти эс алышарын билдирди.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Гульжигит
Депутат фантазер, вертолет менен Кул чачып, ага канча вертолет керек?Акылынын жеткени ушулбу, баракелде.,жыргаган экенбиз депутатка.