Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 05:04
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Депутат Токтошев Индияга визасыз режим киргизүүнү сунуштады

30.11.2023 12:04
292
Депутат Токтошев Индияга визасыз режим киргизүүнү сунуштады


Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Индия менен визасыз режим киргизүүнү сунуштады.


Анын айтымында, өлкөдө 20 миңдей индиялык студент окуйт. Алардын туугандары, достору келип турса турист катары саналып, экономиканы өстүрүүгө салым кошот.


"Визасыз режимди киргизүү иштерин тезинен башташыбыз керек. Мисалы, Казакстан эки жумалык мөөнөткө киргизген, биз дагы бир айга коркпостон эле визасыз режимди ачышыбыз керек. Ошондо эки өлкө ортосунда соода жүгүртүүнү, туризмди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Бул жактагы студенттер жакшы пикирлерин айтып барган сайын, Индияда Кыргызстанды көрүүгө кызыккандар көп экен. Андыктан биз аларга тоскоолдук кылбай жол ачып берели", — деди Токтошев.


Ошондой эле ал индиялык банктар менен сүйлөшүп акча которуу системасын киргизүү зарылчылыгын айтты. Депутат учурда алар акчасын накталай түрдө же Дубай аркылуу котортуп жатышканын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн