Бугу 12, 2024
Убакыт: 20:01
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Депутат: Түркияга боор алмаштырууну үйрөнүүгө барган 30 адистин үчөө гана "жарактуу" болгон

19.02.2024 13:17
184
Депутат: Түркияга боор алмаштырууну үйрөнүүгө барган 30 адистин үчөө гана "жарактуу" болгон


Түркияга боор алмаштырууну үйрөнүүгө жөнөтүлгөн 30 адистин үчөө гана "жарактуу" болуп келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында билдирди.


Эл өкүлү окууга жиберилген дарыгерлер кайтып келип жумушка алынбай, көчөдө калышканын айтты.


Алымкадыр Бейшеналиев ал саламаттык сактоо министри болгонго чейин эки бригада ОшМУ жана Медакадемия тарабынан Малатья шаарындагы университетке жиберилгенин белгиледи.


"Тизме түзүүдө башаламандык болуп жеке клиникалардан барып алышкан. Эки күн ичинде алар кишилерин кайра алып кетишти. Барып келгендердин айрымы клиникалык ординатураны жаңы бүтүп, жумушу жок жүргөндөр. Алардын боор алмаштырууга даярдыгы жок. Бирөө бир айдан кийин, калганы эки айын окубай башка клиникага иштегени кетип калган", — деди министр.


Аягында университет бул жактан барган 30 адистин үчөө гана боор алмаштырууга катыша алат деген чечим чыгарган.


Бейшеналиев кийин өзү көзөмөлдөп, "боор каякта экенин билген" 22 дарыгерди жөнөткөнүн билдирди. Анын айтымында, кеткендер азыр окуп жатат, келери менен иштеп башташат.


Жогорку Кеңештин социалдык комитети бул маселе боюнча жумушчу топ түзүп, жагдайды иликтемей болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн