Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 08:08
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Депутат Япониядан оң рулдуу унааларды алып келүүнү сунуштады

19.05.2022 11:31
1384
Депутат Япониядан оң рулдуу унааларды алып келүүнү сунуштады

Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев оң рулдуу унааларды Кыргызстанга алып келүүгө уруксат берүүнү сунуштады.


Депутаттын айтымында, Европа өлкөлөрү Россияга санкцияларды киргизгенден кийин  Россияга да жаңы унаалар келбей калды.


"Бүгүнкү күндө Европа өлкөлөрү жана Япониядан Россияга жаңы автоунаалар келбей калды.

Мындан улам биздин өлкөгө жалаң эски унаалар келип жатат.

Ошондуктан Япониядан оң рулдуу унааларды алып келүүгө жок дегенде 1 жылга уруксат берилсе, автоунааларды жаңылап алууга мүмкүнчүлүк болмок",- деди депутат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн