Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин тармактык комитетине Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кызматтан алуу тууралуу маалымат түшкөнүн билдирди.
"Жогорку Кеңештин комитетине Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов өз каалоосу менен кызматтан кетип жатканы жана анын ордуна Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин кароо тууралуу маалымат түштү",- деди депутат.
Кубанычбек Бөкөнтаев мурда Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн