Бугу 19, 2024
Убакыт: 01:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Депутат ЖОЖдордун окутуучуларын үч жылда бир жолу аттестациядан өткөрүүнү сунуштады

19.06.2023 12:42
349
Депутат ЖОЖдордун окутуучуларын үч жылда бир жолу аттестациядан өткөрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Бакыт Сыдыков 3 жылда бир жолу университеттин окутуучуларын аттестациядан өткөрүп, Билим берүү министрлигинин алдында тиешелүү борбор түзүүнү сунуштады.

Жогорку окуу жайларында билим берүүнүн сапаты төмөн экенин белгиледи.

«ЖОЖдордун көбөйүшү билим берүүнүн сапатынын төмөндөшүнө алып келди. Мугалимдер, дарыгерлер өзүнчө каста болгон. Биз азыр аны жоготуп алдык. Биз 2016-жылы эле университеттин окутуучуларын үч жылда бир аттестациядан өткөрүүнү сунуштаганбыз. Азыр билим жок. Жөн эле диплом алуу үчүн, анан ата-энеси жумушка орноштурат”,-дейт Бакыт Сыдыков. 

Билим берүү министринин орун басары Расул Абазбек уулу өткөн жылдан тарта ЖОЖ жетекчилери үч жылда бир жолу аттестациядан өтүүгө милдеттендирилгенин билдирди. «Айрым ЖОЖдордун Окумуштуулар кеңеши профессордук-окутуучулар курамын аттестациядан өткөрөт», - деп кошумчалады ал.

Комитет билим берүү жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулоодо.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн