Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңеште Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга парламенттин макулдук берүү сунушун кароо боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссиянын жыйынтыгы боюнча маалымат угат.
Маалыматты комиссиянын жетекчиси Алишер Эрбаев («Бүтүн Кыргызстан») билдирет.
Жыйынга башкы прокурор Зулушев, ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев чакырылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн