Жогорку Кеңештин жаңы 7-чакырылышына жаңы спикер шайланганга чейин "Ынтымак" партиясынын мүчөсү Шарапаткан Мажитова өткөрөт. Анткени ал жетинчи чакырылыштагы эң улуу депутат болуп саналат.
Алгачкы отурумду да Шарапаткан Мажитова ачат.
22-декабрда ЖКнын алтынчы чакырылышынын депутаты Жылдыз Мусабекова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Мажитова анын №512 кабинетине отура турганын билдирген.
Буга чейин парламенттин жаңы депутаттарына кабинеттер комссиянын чечими менен бөлүштүрүлөөрү айтылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн