Бугу 07, 2024
Убакыт: 06:03
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамына шайланды

21.12.2023 13:10
291
Депутат Жусупбек Коргонбай уулу Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамына шайланды


Жогорку Кеңештин 21-декабрдагы жыйынында КР Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына депутаттар Мейкинбек Абдалиев, Жусупбек Коргонбай уулунун талапкерлиги каралды.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова парламенттеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы депутат Мейкинбек Абдалиевдин, "Мекенчил" депутаттык тобу депутат Коргонбай уулу Жусупбектин талапкерлигин көрсөткөнүн белгиледи. Ал белгилегендей, буга чейин Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына депутат Русланбек Жакышов кирген, ал өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү чечимин кабыл алган.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Коргонбай уулу Жусупбек мыйзамсыз соттолгон, жаза өтөгөнгө чейин шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулгандарга карата соттордун жана прокурорлордун, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка тиешелүү органдардын ишин кароо боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иши жөнүндө кыскача айтып берди. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын бир катар түзөтүү мекемелерине барганын, сотто иштин адилетсиз жана объективдүү каралбагандыгынан улам мыйзамсыз соттолду деп эсептеген адамдардын арыздарын укканын белгиледи. Депутат Мейкинбек Абдалиев сот системасын ишке ашыруунун алкагында натыйжалуу жана адилеттүү сот адилеттигин ишке ашыруунун механизмдерине өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи, мында судьялардын жоопкерчилиги маанилүү инструмент болуп саналат.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында депутат Коргонбай уулу Жусупбек Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына шайланды. Бул багытта Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн