Бугу 15, 2024
Убакыт: 06:35
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Депутат аскердик техникаларды алууга жарандар салым кошуусу керектигин билдирди

03.10.2022 16:08
500
Депутат аскердик техникаларды алууга жарандар салым кошуусу керектигин билдирди


Аскердик техникаларды алууга Кыргызстандын жарандары салым кошуусу керек, деп эсептейт депутат Шайлообек Атазов.


Атазов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында иштеген жарандардын баары курал-жарак сатып алуу үчүн айлыгынан 200 сомдон которсо болорун айтты.


"Эгерде жок дегенде бир миллион патриот 200 сомдон которсо, айына 200 миллион сом болмок. Бул каражатты аскердик техниканы гана сатып алууга жумшаса болот", - деп белгиледи депутат.


Атазов кызматка ар бир жаран тартылышы керек деп эсептейт.


"Байдын балдары альтернативалык кызматты өтөп жатат, кедейлер мөөнөттүү кызматты өтөп, чек араны коргоп жатат. Бардык улуттар: орустар, өзбектер, дунгандар, уйгурлар кызмат өтөшү керек. Ар бир жаран мөөнөттүү кызматка чакырылышы керек. Анан бир жыл эмес, бир жарым жыл кызмат кылуу зарял", - деп кошумчалады ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн