Тогуздун айы 10, 2025
Убакыт: 20:46
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.070
1.095

Депутат ата-энесин таштап кеткендерди мамлекеттик кызматка албоону сунуштады

26.09.2023 11:13
529
Депутат ата-энесин таштап кеткендерди мамлекеттик кызматка албоону сунуштады


Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов ата-энесин карылар үйүнө таштаган жарандарды мамлекеттик кызматка албоону сунуштоодо. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында билдирди.


Эл өкүлү Кылмыш, Үй-бүлө кодекстерине жана “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.


«Бүгүнкү күндө ата-энесин таштап, аларды багуудан качкан мамлекеттик кызматкерлер бар. Мыйзам долбоору менен мындай жарандарды мамлекеттик кызматка албоону сунуштаймын», - деди ал.


Белгилей кетсек, депутат ата-энесин багуудан качкандар үчүн айып пулду 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин көтөрүүнү да сунуштоодо.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн