Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 16:48
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Депутат аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды

02.05.2023 12:00
238
Депутат аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды

Аламүдүн районунда аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокуратурасы тарабынан А.Б. аттуу жарандын арызы боюнча материал түшкөн. Арызда Аламүдүн районундагы Ленинское айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты М.К.га чара көрүү өтүнүчү көрсөтүлгөн. Ал 2022-жылдын 7-июнунда Ленинское айылынын жашоочуларын чогултуп, бул айылга башка аймактардан келген жашоочуларга карата өз эрежелерин түзүп жана ошондой эле бул айылдан аларга орун жок экендигин ачык билдиргенин айтып чара көрүүнү өтүнүшкөн.


Аталган окуя боюнча материалдар Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, 2023-жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) менен кылмыш иши козголгон. Бул факты боюнча тергөө иштеринин жүрүшүндө бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.


Экспертизанын корутундусуна ылайык, Ленинское айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты М.К. тарабынан аймактар арасындагы кастыкты (аразчылыкты) ачык билдирип, мыйзамсыз аракеттерди жүргүзгөндүгү такталган.


Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, 1979-жылы туулган М.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


 Учурда тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн