Бугу 05, 2024
Убакыт: 22:07
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Депутат базарда ундун баасы кескин кымбаттаганын айтып, буга өкмөттү айыптады

21.09.2023 13:49
354
Депутат базарда ундун баасы кескин кымбаттаганын айтып, буга өкмөттү айыптады


Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламенттин 21-сентябрдагы жыйынында аткаруу бийлигинин тамак-аш коопсуздугу боюнча кышка даярдыгын угууну сунуштады. Ал базарда ундун баасы кескин кымбаттаганын айтып, буга өкмөттү айыптады.

“Өкмөт, министрликтер кыштан кантип чыгуу боюнча план коюш керек. Казакстанга сууну каалагандай бердик. Ошентип жатып азыр суудан же ундан жок болуп атат. Күз башталбай жатып, бир кап ун миң сомго кымбаттады. Биз буга чейин азык-түлүк кымбаттап жатканын айтып келгенбиз. Элден кантип акча жыйнашты билебиз, аларды кантип багышты билбейбиз. Пенсиясына 500 сом кошконубуз менен унга эле бир күндө миң сом кошулуп жатпайбы”, - деди Икрамов.

19-сентябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында бир нече депутат базарда нандын, ундун баасы кескин кымбаттаганын айтып чыккан.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдө буудай тартыштыгы жок экенин, казак уну темир жолдогу сезондук тыгындан улам кымбаттап жатканын айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн