Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 01:36
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Депутат бейөкмөт уюмдарга "чет өлкөлүк агент" статусун берүүнү сунуштады

10.02.2022 11:14
501
Депутат бейөкмөт уюмдарга "чет өлкөлүк агент" статусун берүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Надира бейөкмөт уюмдарга "чет өлкөлүк агент" деген статус берүүнү сунуштады.


Депутаттын айтымында,  бейөкмөт уюмдар боюнча маселе 5-чакырылышта козголгон.


"Мыйзамды VI чакырылышта өткөрбөй коюшкан. Себеби бейөкмөт уюмдардын 20дан ашуун өкүлү депутат болуп калган экен. Ал эми Бактыбек Райымкулов деген депутат демилгелеп, жок дегенде ачык-айкындык болсун деп каржы булагын көзөмөлдөө мыйзамын кабыл алышкан. Тилекке каршы, өзүңүздөр көрүп жатасыздар, бейөкмөт уюмдар мамлекет ичинде түрдүү багытта чуру-чуу салып келет. Урматтуу төрага, ошол V чакырылыштагы мыйзамды көтөрүп чыкканга тапшырма берсеңиз. Бейөкмөт уюмдарга "чет өлкөлүк агент" деген макам бербесе тынчтык бербейт экен. Сырттан каржыланган саналуу бейөкмөт уюмдар бийлик бутактарына дагы тынчтык бербей, мамлекеттин өнүгүшүнө тоскоолдук кылып жатышат", — деди Нарматова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн