Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев алдыдагы парламенттик шайлоо жана анда алдыда келе турган партиялар тууралуу пикирин телеграм каналы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, шайлоо жөнүндө мыйзам долбоорун президент артка кайтарса, шайлоо 2022-жылга калып кетиши мүмкүн.
"Мурдагы шайлоо мыйзамында шайлоо күнүнө 100 күн калганда шайлоо датасы белгилүү болмок. Бирок азыр ай жана даталар тууралуу жазылган эмес.
Мындан сырткары, парламенттик шайлоодо шайлоочулар 2 депутатка добуш бере алат. Биринчи бир мандаттуу округдан талапкерге, экинчиси, партиялык тизмедеги талапкерге.
Эгер президент шайлоо жөнүндө мыйзам долбоорун артка кайтарса, шайлоо декабрь айынын соңунда же 2022-жылдын башында өтүшү мүмкүн. Бул деген бийликчил партияларга жакшы мүмкүнчүлүк берет.
Ачык айтканда, азыркы учурда үч партия бийликчил партия аталып турат. "Ата Журт Кыргызстан", "Ишеним" жана "Ынтымак" партиясы",- деди депутат Бекешев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн