Бугу 01, 2024
Убакыт: 13:30
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Депутат дыйкандарга насыя берүүнүн жол-жобосун жеңилдетүүнү суранууда

18.04.2024 11:13
73
Депутат дыйкандарга насыя берүүнүн жол-жобосун жеңилдетүүнү суранууда


Депутат Мейкинбек Абдалиев бүгүн, 2024-жылдын 18-апрелинде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында дыйкандарга колдоо көрсөтүү керектигин айтты.


Анын айтымында, Ноокенде көп дыйкандар пахта өстүрүшөт.


«Бирок эгин эгүү баштала электе дыйкан бир байдан карызга акча алып, ал карызы үчүн белгилүү өлчөмдөгү пахта сурайт, б.а., дыйкан түшүмүн ала электе эле карызга батып калат», - дейт М.Абдалиев.


Депутат дыйкандарга колдоо көрсөтүп, насыяларды жөнөкөйлөтүлгөн түрдө берүүнү суранды.


«Ооба, кредиттер берилип жатат, бирок бюрократия көп жана алар сизден эбегейсиз сандагы справкаларды жана документтерди чогултууну талап кылышат. Дыйкандар талаада иштегендин ордуна кредитке документ алуу үчүн ар кайсы жакка чуркап жүрүүгө аргасыз. Буга 1-1,5 ай коротот», - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн