Бугу 03, 2024
Убакыт: 05:06
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Депутат элечек кийген кызды оозуна тамеки салып тарткан сүрөтчүнү жазалоону суранды

26.10.2023 13:03
397
Депутат элечек кийген кызды оозуна тамеки салып тарткан сүрөтчүнү жазалоону суранды


Жогорку Кеңештин жыйынында депутаты Шайлообек Атазов Маданият министрлигинен элечек (аялдардын улуттук баш кийими) кийген кызды оозуна тамеки салып тарткан сүрөтчүнү жазалоону суранды.


«Ушуга көңүл буруп, тыюу салгыла, бул улуттук баалуулуктарга тикелей кол салуу», - деди ал.


Белгилей кетсек, буга чейин дизайнер  Ormon Hayyam ич кийим жана элечек кийген аялдын сүрөтүн тарткан. Андан соң оозуна тамеки кармаган улуттук баш кийимчен кыздын сүрөтүн чыгарган. Бул иллюстрациялар социалдык тармактардын кыргыз сегментинде кызуу талкуу жаратып, андан соң автор аларды өчүрүп, коомчулуктан кечирим суроого аргасыз болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн