Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков электр энергиясы үчүн болгон бааны көтөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, энергетика тармагынын 137 миллиард сомдук карызы бар.
"Бүгүнкү күндө социалдык жөлөк пулдар көтөрүлүп жатат. Акырындап электр энергиясына болгон бааны көтөрбөсө, энергетика тармагы мындан ары да карызга бата берет",- деди депутат.
Пикирлер (2)