Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:02
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Депутат энергетика министрлиги электр энергиясын кандай баада сатып алып жатканына кызыкты

23.06.2023 09:18
385
Депутат энергетика министрлиги электр энергиясын кандай баада сатып алып жатканына кызыкты


Өткөн жылытуу жылында электр энергиясынын тартыштыгы кандай болду? Бул тууралуу депутат Алишер Эрбаев Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин жыйынында сурады.


Буга Энергетика министри Таалайбек Ибраев 2,5 миллион кВт электр энергиясынын тартыштыгы болгонун айтты.


Депутат электр энергиясы кайдан алынып жатканын сураса, министр Түркмөнстан, Казакстан жана Өзбекстандан деп жооп берди.


Эрбаев Кыргызстан былтыр Орусиядан электр энергиясын сатып алдыбы деп сурады.


Министр быйыл ошол жактан алабыз, былтыр алган жок деп жооп берди.


Депутат Энергетика министрлиги башка өлкөлөрдөн электр энергиясын кандай баада сатып алууну көздөп жатканын сурады, бирок министр маалымат купуя экенин айтып, жооп берген жок.


«Жогорку Кеңештин мындай маалыматка Жора угууга толук укугубуз бар», - деди депутат.


Министр бул маалыматты депутатка жазуу жүзүндө гана бере аларын айтты.


Эрбаев келерки жолу энергетика министринин катышуусундагы жыйынды жабык эшик артында өткөрүүнү сунуштады.


Ибраев депутаттардын суроолоруна жабык эшик артында кеңири жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн