Теке 27, 2024
Убакыт: 08:51
USD
EUR
RUB

Депутат инвесторлорго ишти баштоо үчүн конкреттүү мөөнөттөрдү берүү керек деп эсептейт

27.02.2024 16:07
217
Депутат инвесторлорго ишти баштоо үчүн конкреттүү мөөнөттөрдү берүү керек деп эсептейт


Бүгүн, 27-февралда депутат Кундузбек Сулайманов Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында инвесторлорго так мөөнөт берүү керектигин айтты


Ал Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгын эске салды.


«Инвесторго жер бөлүнүп, ал ишти баштоону жылдарга создуктурган учурлар көп. Баары качан иштей башташы керек деген конкреттүү мөөнөттөрдү белгилешибиз керек», - деди ал.


Анын айтымында, өлкөгө кичи ГЭСтер керек жана ал импорттук электр энергиясына караганда пайдалуураак.


Комитетте “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча Комитеттин 2023-жылдын 7-февралындагы токтомунун аткарылышы тууралуу” маселе каралды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн