Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 14:32
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Депутат калктын уруксаты менен кен казуучу ишканаларга лицензия берүүнү сунуштады

30.05.2023 17:03
271
Депутат калктын уруксаты менен кен казуучу ишканаларга лицензия берүүнү сунуштады


Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышев жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун тартибин өзгөртүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында билдирди.


Эл өкүлү жер казынасын пайдалануу укугун жергиликтүү бийликтин жана калктын пикирин эске алуу менен берүү керек деп эсептейт. Учурда кен иштетүүчү ишканаларга лицензияны Жаратылыш ресурстар министрлиги берет.


«Лицензия алышат, келип жергиликтүү бийликти, калкты карабайт. Айыл өкмөт башчысы туура айтат: кайсы бир компаниянын лицензиясы бар болсо, каалайсыңбы, каалабайсыңбы, аларга жерди бөлүп берүүгө милдеттүүсүң. Фирмалар калктуу конуштарга, сел жүргөн аймактарга коркунуч жараткан учурлар болгон. Буга чейин Жаратылыш ресурстары министрлигинин жетекчи орун басарлары абал өзгөргөнүн, эми лицензияны жергиликтүү бийликтин уруксаты менен гана берерин айтышкан. Азыр баары башкача болуп жатат», - дейт Максатбек Сарбагышев.


Буга байланыштуу комитеттин төрагасына жер казынасын пайдалануу укугу жергиликтүү бийликтин жана айыл тургундарынын уруксатысыз берилбеши керектиги боюнча протоколдук тапшырма берүүнү суранды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн