Жогорку Кеңештин бүгүн, 28-майдагы жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов Кыргызстандын өкмөтү чет жактан жүргөн мигранттарды ташып келүү боюнча авиакаттамдарды көбөйтүүнү талап кылды.
“Мигранттар азыр бизге кайрылуу жөнөтүп жатат, чындыгында алар кыйналып кетишти. Себеби дегенде жумуштары жок, жашаган жери жана күнүмдү жашоосу үчүн төлөмдөрдөн кыйналууда”, - деди ал.
Мындан тышкары, депутат мигранттарды Кыргызстанга алып келүү менен аларды жумуш менен камсыздоону уюштуруп бериши керектигин өкмөттөн талап кылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн