Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:52
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Депутат казино ачуудан Кыргызстанга жылына убада кылынган 2 млрд сомдун ордуна 300 млн түшкөнүнө нааразы болду

15.11.2023 13:56
177
Депутат казино ачуудан Кыргызстанга жылына убада кылынган 2 млрд сомдун ордуна 300 млн түшкөнүнө нааразы болду


Бүгүн, 2023-жылдын 15-ноябрында Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо казинолордун ишин жандантуудан өлкө канча киреше алгандыгын сурады.


Буга экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекова казинолор 90 миллион сом салык төлөсө, 210 миллион сом лицензия сатуудан түшкөнүн айтты.


Депутат буга чейин казинолордун ишин жандантуудан бюджетке жылына 2 миллиард сомдон ашык киреше түшөрүн айтып келишкенин эске салды.


Министрдин орун басары бул жалпы негизги эсептөөлөр деп жооп берди.


Депутат Кыргызстанда казино ачылгандан кийин Кыргызстанга туристтердин агымы көбөйдүбү деген суроого Үсөнбекова туристтер үчүн Кыргызстанда казинонун ачылышы өлкөгө келүүнүн факторлорунун бири деп жооп берди.


Белгилей кетсек, жыйында “Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жаткан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн