Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:10
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Депутат кен байлыктарга жеке менчик лабораторияларда анализ жүргүзүүгө тыюу салууну сунуштады

18.12.2023 09:01
305
Депутат кен байлыктарга жеке менчик лабораторияларда анализ жүргүзүүгө тыюу салууну сунуштады


Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов кен байлыктарга жеке менчик лабораторияларда анализ жүргүзүүгө тыюу салууну сунуштады. Ал иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.


Документке ылайык, өлкө аймагындагы кендерди мамлекеттик экспертиза гана изилдеши керек, анын жыйынтыгына макул болбогон учурда гана көз карандысыз экспертиза жүргүзүүгө укук берилет.


"Кендерибизде баалуу металлдын көлөмү канча экенин аныктоо — лабораториялык иш. Мындай анализдер мамлекеттик борбордук лабораторияда эмес, жеке жактарда жүргүзүлүүдө. Ушуга байланыштуу жер казынасын пайдалануучулар кендерди каалагандай казып, баалуу металлдарды сыртка ташып кетишүүдө", — деп жазылган маалыматтык негиздемеде.


Мыйзам долбоору мамлекеттик органдардын функциясын күчөтүүгө, анын ичинде борбордук лабораторияга бардык кен байлыктардын анализин толук өткөрүү жоопкерчилигин жогорулатууга багытталганы белгиленген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн