Теке 03, 2024
Убакыт: 02:04
USD
86.10
87.00
EUR
92.20
93.20
RUB
0.960
1.010

Депутат китепканаларда китеп сатууну уюштурууну өкмөттөн суранды

11.03.2020 10:56
1133
Депутат китепканаларда китеп сатууну уюштурууну өкмөттөн суранды


Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бүгүн, 11-мартта парламенттин жалпы жыйынында китепканаларда китеп сатууну уюштуруп берүүнү Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбековдон суранды.


Учурда парламентте "Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору каралууда. 


"Бизде китеп саткан дүкөндөр аз. Ошондой эле, жакшы китептер жок. Мисалы, каалаган китепти сатып алайын десең таппайсың. Мен мисалы, Россиядан жана башка өлкөлөрдөн сатып алып окуйм. Китепканаларда китеп сатууну уюштурсаңар жакшы болмок. Ошондой эле, кафетерийлерди уюштургула, кофе ичип окуп отурган ыңгайлуу да", - деди Бекешев.


Мындай сунушту башка кесиптештери да колдошорун айтышты.


Нуржигит Кадырбеков К.Баялинов атындагы улуттук китепканада балдар ойноочу жай уюштурулганын, ага энелер балдары менен келип, балдарын ойноочу жерге жайгаштырып, өздөрү китеп окуп кетишерин айтты. Муну менен быйыл китеп окуучулардын саны кыйла жогорулаганын кошумчалады.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн