Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 23:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Депутат коронавирустун күчөшүнө байланыштуу Министрлер кабинетинин отчётун угууну сунуштады

13.01.2022 14:31
1221
Депутат коронавирустун күчөшүнө байланыштуу Министрлер кабинетинин отчётун угууну сунуштады

Бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков Министерлер кабинетинин маалыматын угууну сунуштады.


Депутат Жумабеков кийинки шаршенби күнү Министрлер кабинети жазгы талаа иштери жана коронавирус илдети менен күрөшүү боюнча маалымат бериш керек деп эсептейт.


"Мына бүгүн Бишкек "кызыл зонага" айланды деп жатышат. Жаңы штаммдар катталды. Ошондуктан бул боюнча Министрлер кабинетинин маалыматын угуш керек. Бизден кандай жардам керек. Биз дагы жардам берели.

Экинчи маселе жазгы талаа иштери. Ал боюнча да маалымат угушубуз керек. Былтыркыдай суу тартыш болсо кандай чаралар көрүлөт. Булардын баарына азыртадан кам көрүшүбүз керек",- деди Жумабеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн