Бугу 17, 2024
Убакыт: 05:58
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Депутат короновирус коркунучунан пайда издеген компанияларды көзөмөлдөөгө чакырды

12.03.2020 10:22
961
Депутат короновирус коркунучунан пайда издеген компанияларды көзөмөлдөөгө чакырды


Дары дармектердин баасы өсүп жатат, аны өкмөт көзөмөлгө алуусу керек. Мындай пикирин бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Иса Өмүркулов билдирди. 


Эл өкүлү айрыкча мына ушундай коронавирус коркунучу жаралып турган учурда дары-дармек бааларын катуу көзөмөлгө алуу керек деген оюн айтты.  


"Мен көтөрөйүн деген маселе дары-дармек маселеси.Аймактарда, Бишкек шаарында сатылып жаткан дары-дармектердин  баасы ай сайын эмес жума сайын өсүүдө. Бул маселени ким көзөмөлдөйт? Мына ушундай коронавирус коркунучтары турат деген мезгилде дары-дармек ташыган компаниялар мындан пайда издеп, байып атышат. Муну катуу көзөмөлгө алыш керек. Ар бир дарыканада баалар ар кандай болууда. Ал эми дарылардын мөөнөтү тууралуу айтпай эле коёюн. Баалары биздин пенсионерлерге өтө эле кымбат. Өкмөттүн көңүлүн ушул маселеге бурат элем", - деди Иса Өмүркулов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн