Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:10
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Депутат кулаган тик учакты калыбына келтирүү үчүн мамкызматкерлердин бир күндүк маянасын котортууну сунуштады

24.01.2024 12:00
323
Депутат кулаган тик учакты калыбына келтирүү үчүн мамкызматкерлердин бир күндүк маянасын котортууну сунуштады


Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов жакында кулаган тик учакты калыбына келтирүү үчүн мамлекеттик кызматкерлердин бир күндүк маянасын котортууну сунуштады.


Эл өкүлүнүн айтымында, бул каражатка Ми-8ди оңдоп же жаңысын алуу керек. Акчанын бир бөлүгүн каза болгон учкучтун үй-бүлөсүнө, жаракат алгандарга да жардам катары берүүгө чакырды.


Ал депутаттар дагы бир күндүк айлыгын бөлүшү керек деп эсептейт, бирок добушка койгондо сунушу өтпөй калды.


Эске салсак, 2024-жылдын 17-январында эртең менен Бишкектин батыш тарабында Ми-8МТВ үлгүсүндөгү тик учак окуу-машыгуу учурунда 23565 аскердик бөлүктүн аймагына кулап түшкөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн