Депутат Аида Исатбек кызы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Билим берүү, Саламаттыкты сактоо, Ички иштер министрликтеринин жана мэриянын акыркы коңгуроого даярдыгы боюнча маалыматын угууну сунуштады.
«Практика көрсөткөндөй, жыл сайын Акыркы коңгуроо күнү бүтүрүүчүлөрдүн катышуусунда жол кырсыктары катталат. Массалык мушташтар жана башка иштер болуп жатат», - деп белгиледи эл өкүлү.
Ал маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштады. Комитет мүчөлөр депутаттын сунушун жактырышты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн