Бугу 09, 2024
Убакыт: 05:43
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Депутат мектеп окуучуларына онлайн окутууга өтүү боюнча алдын ала эскертилбегенине нааразы болду

13.12.2023 10:49
130
Депутат мектеп окуучуларына онлайн окутууга өтүү боюнча алдын ала эскертилбегенине нааразы болду


Депутат Жанар Акаев суукка байланыштуу мектеп окуучуларына онлайн окутууга өтүү боюнча алдын ала эскертилбегенине нааразы болду. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


«Байкуш балдар мектепке суукта эртең менен келишип, дистанттык түрдө окуп жатканын айтышып, үйлөрүнө жиберишкен. Муну алдын ала жасаса болбойт беле?", - деп суроо узатты.


Эске сала кетсек, үшүккө байланыштуу Кыргызстандын мектептери эки күнгө – 13-14-декабрда онлайн режиминде окутууга өткөн. Айрым ата-энелер чиновниктердин кеч чечимине нааразы болушууда. Кээ бир балдар бүгүн сабакка кетип, кайра үйлөрүнө жөнөтүлгөн.


«Бул балдарга жана мугалимдерге болгон начар мамиле, анткени көптөр алыста жашашат. Кантип 7.00дө кабарлоого болот?” - деп билдиришкен ата-энелер.


«Балдар мектепке келген болсо, сабак өтсө болот», — деп белгиледи Билим берүү жана илим министрлиги.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн