Бугу 10, 2024
Убакыт: 13:24
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Депутат милиция кызматкерлеринин маянасын көтөрүүнү сунуштады

26.10.2023 12:03
756
Депутат милиция кызматкерлеринин маянасын көтөрүүнү сунуштады


26-октябрда депутат Эмил Жамгырчиев министрлер кабинетинен милиция кызматкерлеринин айлык акысынын өлчөмүн сурады.


«Эгерде бир милиционер жаман иш кылса, анда бүт милицияны сындай баштайт. Бирок статистиканы карасак, акыркы жылдары кылмыштуулук, кырсыктар азайган. Эмне үчүн алар кылган жакшы нерселер айтылбай жатат?” - деди ал парламенттин жыйынында.


Ал 1-ноябрь Милиция күнүн утурлай милиция кызматкерлери тууралуу алгылыктуу материалдарды жарыялоону, алардын маянасын көтөрүүнү сунуштады.


Буга чейин айрым депутаттар Ички иштер министрлигинин ардагерлеринин пенсиясын көтөрүүнү суранышкан. Аларга мыйзам боюнча пенсиянын өлчөмү Ички иштер министрлигиндеги эмгек акынын өлчөмүнө жараша болору айтылган. Эмгек акы көтөрүлмөйүнчө пенсияны көбөйтүүгө болбойт.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Рахматов нурбек
Эн туура айтыптыр колдош керек качан бироонун башына жаман иш тушкондо милиция деп чакырабыз
Ташматов
Жакшы болмок айлык акыны жогорулатып берсе