Бугу 10, 2024
Убакыт: 03:07
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Депутат обсервациядагы жарандардын эрте чыгып жатканына нааразы болду

21.05.2020 18:11
923
Депутат обсервациядагы жарандардын эрте чыгып жатканына нааразы болду


Өкмөт сырттан келген жарандарды обсервацияга алууда катуу чараларды көрсө болмок. Мындай оюн депутат Марлен Маматалиев бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мурдагы Ганси авиабазасында уюштурулган “Семетей” обсервациясында бунт чыгарган жарандарга карата катуу чара көрүлгөн жок. “Биринчи кезекте алар өзүнүн жакындарын ойлоп, туура түшүнүшсө болмок. Бүтүндөй кыргыз элинин ден соолугуна зыян келе турган абалды алып келиши мүмкүн. Жаткыра турганын катуу чара көрүп, убактысы боюнча жаткырса болмок. Ошондой эле шарттарын да жакшылап түзүп берүү зарыл”, - деди депутат.

Ошондой эле Маматалиев "бунт" чыгарды деп эле эркин чыгарып ийгени туура эмес экенин айтып, ушул маселе боюнча өкмөт башчысы тиешелүү органдардын жетекчилери менен кеңешме өткөрүүну сунуштады.

Мухаммедкалый Абылгазиев ал жерде жаткан жарандар өздөрүн агрессивдүү маанайда болгонун, медицина кызматкерлерине орой мамиле кылганын айтып, мындан ары катуу чечимдер боло турганын убада кылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн