Бугу 15, 2024
Убакыт: 19:55
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Депутат оң рулдуу унаалардын рулун сол тарапка которо турган сервис ачууну сунуштады

06.10.2022 11:53
358
Депутат оң рулдуу унаалардын рулун сол тарапка которо турган сервис ачууну сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Жакышов оң рулдуу унаалардын рулун сол тарапка которо турган сервис ачууну сунуштады. Бул тууралуу депутат парламенттин жыйынында билдирди.


“Акыркы учурлары Абхазия, Армения, жана башка мамлекеттерден келген оң рулдуу унаалардын 20 миңден ашканы кабарланды. Бирок аларды каттоо жолго коюлбай келет. Натыйжада унаа ээлерине да ыңгайсыздык жаралып, мамлекет да көп кирешеден куру жалак калууда.


Жок дегенде оң рулду сол рулга алмаштырып алгыдай сервистик борборлорду куруп, маселени чечүү керек. Мындай тажрыйба дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө бар. Жакында эле Казакстандын Алмата шаарында унаалардын рулун алмаштыруучу сервис ачышты. Антпесек, эски унаалар өлкөбүздү каптап, экологиябыз олуттуу жабыркоодо”, – деди депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн