Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 23:00
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Депутат өзүнчө Суу чарба министрлигин түзүүнү сунуштады

22.11.2023 10:40
175
Депутат өзүнчө Суу чарба министрлигин түзүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев өзүнчө Суу чарба жана ирригация министрлигин түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, дарыялардын башатында турганы менен Кыргызстан өзүн өзү суу менен камсыздай албайт.

«Дыйкандарга кийинки жылы суу менен толук камсыз болот деп эч ким кепилдик бербейт. Сууга келгенде ысырапкорчулукка жол беребиз. Мөңгүлөр эрип жатат. Маселен, быйыл Казакстанда жаңы Суу чарба министрлиги пайда болду. Ал эми биз коңшулардан артта калып жатабыз. Мөңгүлөрдү жана жер астындагы сууларды, анализдерди, изилдөөлөрдү бирдиктүү системага келтиришибиз керек. Жаңы министрлик дагы атайын адистерди даярдап, георазведка жүргүзүп, суу кодексин иштеп чыгат», - деп ал тиешелүү органдарга протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.

Эмил Токтошевдин сөзүн депутаттар кол чабуулар менен колдошту.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн