Бугу 07, 2024
Убакыт: 14:54
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Депутат президенттин облустагы өкүлчүлүктөрүн жоюп салууну сунуштады

20.09.2023 12:43
225
Депутат президенттин облустагы өкүлчүлүктөрүн жоюп салууну сунуштады


Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрүн жоюп салууну сунуштады.


Парламенттин жыйынында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев административдик-аймактык реформа тууралуу суроого жооп берди. Анын айтымында, Ысык-Көлдүн Түп районунда, Нарын облусунун 63 айыл өкмөтүндө пилоттук режимде жүргүзүлүп жатат. Жыл соңуна чейин бүткөрүү пландалган.


Андан соң депутат "губернатор институтун жоюу каралганбы?" деп сурады. Базарбаев долбоордун концепциясында мындай идея жоктугун айтты.


"Менин оюмча губернатор институту делген облустук администрацияны жоюш керек. Жөн эле жылына бюджеттен миллиарддарды жеп-ичип отурушат. Ушуну эске алып койсоңуздар", — деди Коргонбай уулу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн