Бугу 15, 2024
Убакыт: 12:45
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Депутат "Керемет банкты" тендер жарыялоо менен жеке жактарга сатууну сунуштады

14.02.2024 13:07
177
Депутат "Керемет банкты" тендер жарыялоо менен жеке жактарга сатууну сунуштады


“Керемет банктын” бир “мамлекеттик чөнтөктөн” экинчисине өтүп жатканы туура эмес, деп билдирди депутат Чыңгыз Айдарбеков бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында.


Депутат жеке жакка сатылса туура болмок деп эсептейт. "Бюджетте ушундай акча барбы?" - деп сурады.


Финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев 2024-жылдын бюджетинде бул максаттарга акча каралган эмес деп жооп берди.


«Бирок биз кошумча киреше булактарын таба алабыз», - деп кошумчалады ал.


Депутаттын айтымында, инфраструктуралык долбоорлор насыя жана гранттын эсебинен ишке ашырылууда. «Сиздер каражатты кайдан табасыздар? Кайсы булактардын эсебинен табасыздар?» - деп суроо узатты эл өкүлү.


Министрдин орун басары бул ички булактарга байланыштуу деп жооп берди.


«Бизде салыктык, салыктык эмес жана трансферттер бар», - деп кошумчалады ал.


Депутат бул жөн гана сөз экенин айтты.


«Банкты сатып алуу үчүн алгач акча таап, анан бул жакка келиш керек болчу. Мамлекет банкты эффективдүү башкара албайт, өзгөчө биздин өлкөдө. Миллиарддаган сомду жөн эле жеп коюшат, булар элдик каражаттар. Аны жеке жакка бериш керек, тендер жарыяланып, ким кааласа сатып алсын», - деп кошумчалады ал.


Буга чейин Жогорку Кеңештин бюджет комитети “Министрлер кабинети тарабынан “Керемет банк” ААКсынын үлүшүн Улуттук банктан сатып алуу жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырган.


Мыйзам долбоорунда министрлер кабинетине Улуттук банкка таандык “Керемет банк” ААКсынын 7 миллиард 126 миллион 432 миң сом өлчөмүндөгү акцияларын сатып алуусу каралууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн