Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:35
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Депутат кесиптеши Г.Асылбаеваны башка өлкөнүн мыйзам долбоорлорун көчүрбөөгө чакырды

25.06.2020 13:15
1130
Депутат кесиптеши Г.Асылбаеваны башка өлкөнүн мыйзам долбоорлорун көчүрбөөгө чакырды


Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин  жыйынында "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда. 


Жыйында депутат Жанар Акаев демилгечилердин бири Гүлшат Асылбаевага бул мыйзам долбоорун артка кайтарып алууну сунуштады. 


"Бул мыйзам бизде иштебейт, эгер иштесе технологиясы өнүккөн өлкөлөрдө эчак иштейт эле го. Азыр бул мыйзам кабыл алынса, интернеттеги фейктер оппозицияга каршы иштеп баштайт. Ошондой эле биз башка өлкөнүн мыйзам долбоорлорунан көчүрүп жазганды токтотушубуз керек. Биз өзүбүздү сөз эркиндиги муунтулган өлкөлөргө салыштырбайлы", - деди депутат. 


Ал эми депутат Гүлшат Асылбаева: "Баардык өлкөлөрдө колдонулуп келген мыйзам долбоорлордун моделдик түзүмдөрү бар. Аларды плагиат деп эсептөөгө болбойт. Бул түзүмдөр биздин өлкөгө дагы адаптацияланган", - деп жооп берди. 


Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан мыйзам долбоорунда Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн