Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 14:25
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Депутат "Ош" аэропортуна кире бериштеги мыйзамсыз тосмону алып салууну тапшырды

20.04.2021 19:29
867
Депутат "Ош" аэропортуна кире бериштеги мыйзамсыз тосмону алып салууну тапшырды

Бүгүн, 20-апрелдеги Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин карамагындагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун абалы жана автомобиль жолдорун реконструкциялоо жана куруу боюнча ратификацияланган мыйзамдарды ишке ашыруунун жүрүшү талкууга алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.


Талкуу маалында депутат Улугбек Ормонов "Ош" эл аралык аэропортунун кире беришинде 2018-жылдан бери турган көзөмөл-өткөрмө жайы мыйзамсыз иштеп келээрин белгилеп: "Аталган шлагбаум мамлекеттик жолго мыйзамсыз коюлган. Анын орнотулушуна аэропорттун мурдагы жетекчиси менен жеке фирманын ортосундагы коррупциялык жагдай себеп болушу мүмкүн. "Манас" аэропортуна да ушундай эле көзөмөл-өткөрмө жайы курулуп, жарандардын каршылыгы менен бир айдан кийин эле алынган" - деди. Буга ылайык Транспорт министрлигине аталган шлагбаумду алуу тууралуу протоколдук тапшырма берүүнү сунуштады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн