Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 21:36
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Депутат "ала качуу" беренесин "адам уурдоо" деп өзгөртүүнү сунуштады

25.01.2024 09:47
286
Депутат "ала качуу" беренесин "адам уурдоо" деп өзгөртүүнү сунуштады


Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков мыйзамга "ала качуу" деп жазууга каршы болууда.


Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси "Никеге туруу максатында ала качуу" деп жазылган, эл өкүлү аны "Никеге туруу максатында адамды уурдоо" деп өзгөртүүнү сунуштады. Долбоор парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлду.


Карганбек уулу кыз өзү макул болгон учурда гана ала качышарын, андыктан мындай термин эл арасында анча мааниге ээ эместигин айтууда.


Документтин маалыматтык негиздемесинде кыз турмушка чыгууга макул болуп, бирок төмөнкүдөй жагдай жаралганда ала качуу уюштурулары жазылган:

- кыз өзү тандаган жигитке ата-энеси бербей койгондо;

- күйөөнүн же колуктунун туугандары куда түшүү, кыз узатуу, үйлөнүү той өткөрүүгө каражаты жетпесе;

- бирөөсүнүн жакын туугандары дүйнөдөн өтүп той өткөрүүгө мүмкүн болбогондо.


Укук коргоо органдары дагы ушундай түшүнүк менен карап ала качууга көп көңүл бурбай жатканы белгиленди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн