Бугу 04, 2024
Убакыт: 00:26
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Депутат шайлоодо үгүтчүлөрдүн санын кыскартууну сунуштоодо

24.11.2023 09:25
310
Депутат шайлоодо үгүтчүлөрдүн санын кыскартууну сунуштоодо


Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Мамасадыков саясий партиялар жана бир мандаттуу округдардан шайланган талапкерлер шайлоо алдындагы мезгилде колдоно ала турган үгүтчүлөрдүн санын кыскартууну сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.


Документ “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.


Замирбек Мамасадыков белгилегендей, учурдагы мыйзамдарга ылайык, партиялар шайлоо алдындагы мезгилде 10 миңге чейин, ал эми бир мандаттуу округдардан талапкерлер 500гө чейин үгүтчүлөрдү пайдаланууга укуктуу.


Анын пикиринде, бул сан ашыкча үгүт иштерин жүргүзүүгө жана талапкерлерге бирдей эмес позицияны орнотууга шарт түзүшү мүмкүн. Ушуга байланыштуу үгүтчүлөрдүн санын эки эсеге кыскартуу жана саясий партиялар үчүн 5 миңден, бир мандаттуу округдан келген талапкерлер үчүн 100дөн ашык эмес кылуу сунушталууда. Бул шайлоо процессин тартипке келтирүүгө жана аны ачык-айкын кылууга жардам берет, ошондой эле шайлоо алдындагы мезгилдеги финансылык тобокелдиктерди жана уюштуруучулук укук бузууларды азайтат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн