Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Депутат тамекилердин кутусундагы эскертүүнү өзгөртүүнү сунуштады

14.12.2023 12:50
143
Депутат тамекилердин кутусундагы эскертүүнү өзгөртүүнү сунуштады


Жашы жете элек өспүрүмдөр электрондук тамеки чегип, фирмалар аппараттарды бекер берип, тамекинин өзүн кымбат баада сатышат, деп билдирди депутат Эмил Жамгырчиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында.


«Саламаттык сактоо министрлигинен тамекилердин кутусунда эскертүү бар. Бул чара натыйжа берген жок. Жыл өткөн сайын тамеки тарткандар көбөйүүдө. Ошондуктан “Саламаттык сактоо министрлиги эскертет” деген жазуунун ордуна “Ички иштер министрлиги жазалайт” деген жазууну киргизүүнү сунуштайм. Албетте, чоңдор өздөрү түшүнөт, бирок биз балдарды коргошубуз керек», - деди ал.


Депутат эгер ата-энеси баладан тамеки тапса, аны менен бирге бала тамеки саткан дүкөнгө барып, милиция аркылуу жоопко тартууну сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоорун киргизгиле, парламент аны колдойт, деди Жамгырчиев Министрлер кабинетинин төрагасына кайрылып жатып. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн