Бугу 14, 2024
Убакыт: 22:22
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Депутат тоголок жетим балдар үчүн топтолмо жөлөк пулун киргизүүнү демилгеледи

27.11.2023 10:08
259
Депутат тоголок жетим балдар үчүн топтолмо жөлөк пулун киргизүүнү демилгеледи


Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев ата-энесинен айрылган (тоголок жетим) балдарга "Келечек муун үчүн фонд" топтолмо жөлөк пулун киргизүүнү демилгеледи.


Анын жазган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.


Сунуштамага ылайык, мамлекеттик банктан эсеп ачылып, ага кайрымдуулук фонддор жана башкалар ыктыярдуу негизде белгилүү бир сумманы сала алышат. Ал эми мамлекет тарабынан жөлөк пул берүү тартиби жана өлчөмүн министрлер кабинети аныктайт. Бирок суммасы 10 миң сомдон төмөн болбошу керек.


Топтолгон сумманы балдар өзүнө турак жай сатып алуу үчүн (Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программасы боюнча), окуу акысына, кымбат диагностиканы же хирургиялык кийлигишүүнү талап кылган медициналык кызматтарды төлөөгө жумшаса болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн