Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 02:42
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Депутат унааларга кошумча жарык берүүчү светодиоддук фараларды орнотууга тыюу салууну сунуштады

18.01.2024 15:03
210
Депутат унааларга кошумча жарык берүүчү светодиоддук фараларды орнотууга тыюу салууну сунуштады


Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев автоунааларга кошумча жарык берүүчү светодиоддук фараларды орнотууга тыюу салууну сунуштады.


"Авариялык абалга алып келген себептердин бири бул машиналардын фарасынын ичине коюлган LED жана "ай" делген лампалардын коюлушу болууда. Анткени катуу жарык бергендиктен каршы тилкеде келе жаткан айдоочу жолду көрбөй калууда", — деди депутат.


Токтошев мамлекеттик органдар муну катуу тескеп, стандартка ылайык келтирип, болбосо такыр эле тыюу салыш керектигин белгиледи. Антпесе дагы көп адамдын өмүрү кыйылышы мүмкүндүгүн божомолдоду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн