Бугу 14, 2024
Убакыт: 04:10
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Депутат жол акысын көтөрүүгө каршы болуп, автобустар тарифти көтөрбөө үчүн алынганын эскертти

07.09.2023 13:30
207
Депутат жол акысын көтөрүүгө каршы болуп, автобустар тарифти көтөрбөө үчүн алынганын эскертти


Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев Бишкектеги коомдук транспорттун жол кире акысын көтөрүүгө каршы чыкты.


Ал борбор калаанын мэриясына газ жана электр кыймылдаткычтары бар автобустар атайын сатылып алынганын эскертти.


«Электробустар биринчи кезекте шаардын экологиясы үчүн, экинчиден жол киренин кымбаттабаш үчүн алынган. Шаардык транспорттун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн биз бул жерде Жогорку Кеңеште электр автобустарын сатып алууну сунуштаганбыз. Жол кире баасын көтөрүүнүн кереги жок, болгондо дагы 22 сомго чейин. Антип эки эселеп көбөйтпөгүлө. Жок дегенде 15 сом кылгыла», - деди Марлен Маматалиев.


Депутат мектеп автобустарын ишке киргизүүнү же мектеп окуучуларынын коомдук транспортто жүрүүсүнө шарт түзүүнү сунуштады. «Ошто бензин жана солярка кымбат, бирок ал жакта окуучулар үчүн жол кире 5 сом», - деп кошумчалады ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн