Учтун айы 22, 2025
Убакыт: 16:04
USD
87.30
87.80
EUR
90.70
91.70
RUB
0.860
0.900

Депутат жол эрежесин бузгандар тууралуу билдиргендерге бонус берүүнү сунуштады

22.01.2025 12:16
34
Депутат жол эрежесин бузгандар тууралуу билдиргендерге бонус берүүнү сунуштады


Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жол эрежесин бузгандарды айдоочулар өздөрү каттап, ал үчүн сыйлык алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү сунушун айтты.


"Бизде бир жумада 18 миң, ал эми бир жылда 800 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталат. Бул болгону ГАИ тарабынан аныкталгандар гана. Элестетиңиздер, канчалаган учурлар көз жаздымда калууда. Мен жарандарга мыйзам бузууларды өздөрү каттап, алар үчүн балл алуу мүмкүнчүлүгүн берүүнү демилгелейм", — деди депутат.


Ал жарандар үчүн атайын тиркеме иштеп чыгууну сунуштап, анда видео же сүрөт жүктөп, мыйзам бузууларды каттоого шарт түзүлөрүн белгиледи.


"Эгерде жөнөтүлгөн материал тастыкталып, мыйзам бузган айдоочу жоопко тартылса, жаранга балл ыйгарылат. Бул упайлар кийин коммуналдык кызматтарды төлөө же салык төлөө үчүн колдонулушу мүмкүн. Министрлер кабинети макул болсо, мен бул демилгени ишке ашыруу үчүн мыйзам долбоорун даярдай алам. Жакында бул маселени ишке ашырууну пландап жатам", — деп кошумчалады Бекешев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн