Бугу 14, 2024
Убакыт: 22:57
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Депутат жол киренин 20 сомго көтөрүлүшүнө каршы экенин билдирди

19.10.2023 13:39
340
Депутат жол киренин 20 сомго көтөрүлүшүнө каршы экенин билдирди


Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жол киренин 11 сомдон 20 сомго көтөрүлүшүнө каршы. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында билдирди.


Анын айтымында, мэрия аргумент катары Европа өлкөлөрүнүн тажрыйбасын келтирүүдө.


«Белгилей кетким келет, европалыктар үчүн орточо айлык 250 миң сом болсо, биздики 25 миң сом. Алар менен кантип салыштырууга болот? Жол кире акысын көтөрбөө үчүн электр кыймылдаткычы же газ менен иштөөчү автобустарыды сатып алууну айттык. Бирок көтөрүшсө, анда 11 сомдон 15 сомго көтөрүлсүн. Бирок 20 сомго чейин көтөрүп, түндө 25 сом кылуу туура эмес”, - дейт Марлен Маматалиев.


Белгилей кетсек, Бишкек мэриясы коомдук транспортто жол кирени 20 сомго чейин көтөрүүнү сунуштоодо. Токтом долбоору муниципалитеттин расмий сайтында жарыяланды. Менчигинин түрүнө карабастан транспорттун бардык түрлөрүнө: автобустарга, кичи автобустарга жана троллейбустарга бирдиктүү тарифти белгилөө сунушталууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн