Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 14:40
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Депутат жол оңдоодогу тендерде, кредит алууда өлкө кызыкчылыгын коргоону талап кылды

17.03.2020 09:57
783
Депутат жол оңдоодогу тендерде, кредит алууда өлкө кызыкчылыгын коргоону талап кылды


Депутат Төрөбай Зулпукаров жол тармагын оңдоп-түзөөгө багытталган тендерлерди өткөрүүдө, кредиттерди алууда өлкө кызыкчылыгын коргоону талап кылды. Ал мындай билдирүүнү Жогорку Кеңеште өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө отчету угулуп жатканда айтты.


"Жол тармагындагы алынган кредиттерде эл аралык келишимдерге мүчө болгонбуз. Өзүбүздө өткөн тендерлер биздин сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамдарга баш ийбей жатат. Инвестор бизге насыя акчаны берип жатат дагы биздин мыйзамдарга талаптарды коюп жатат", - деди депутат.


Ал кошумчалагандай, мындай кырдаалды жойбосо жол тармагындагы коррупция жүрө берет. 


"Насыя биздин моюнубузга илинген соң биздин талаптарды да эске алуусу керек", - дейт Төрөбай Зулпукаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн