Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 07:59
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Депутат жолдордогу ылдамдыкты кайра карап чыгууну сунуштады

08.02.2024 16:19
420
Депутат жолдордогу ылдамдыкты кайра карап чыгууну сунуштады


Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев бийликтен калктуу конуштарда унааны катуураак айдоого уруксат берүүнү сурады.


Ал саатына 40-60 чакырым ылдамдык менен жүрүү өтө аз деп эсептейт.


"Азыр заманбап унааларды, "Жиптерди" айдап жатышпайбы. Алар 60 менен баратса да убагында токтой алат. Азыркы чектөөлөр союз убагында "Жигулилерге" ылайыкталган болчу. Ошону кайра карап көрбөйлүбү. Мисалы, Ысык-Көлгө баратканда Кеминде акырын жүрүп кайра тыгын жаратышууда", — деп кайрылды эл өкүлү президенттин ЖКдагы өкүлүнө.


Мураталиев ылдамдыктын төмөнкү чегин саатына 40 чакырым ылдамдыктан 60ка, 60тан 80ге көтөрүүнү сунуштады.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн