Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 02:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Депутаттар Атыр Абдрахматованын баяндамасын кабыл алды

08.06.2022 17:45
488
Депутаттар Атыр Абдрахматованын баяндамасын кабыл алды

Бүгүн, 8-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында 2019, 2020, 2021-жылдарга карата Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын, эркиндиктеринин сакталышы боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын баяндамасы талкууланды.


Жыйында Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Кыргыз Республикасында акыркы үч жылдагы адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы боюнча отчет берди.


Акыйкатчы белгилегендей, аталган институтка 2019-жылы 11 148, 2020-жылы 9572, 2021-жылы 13 048 арыз келип түшкөн. Анын ичинен сот, прокуратура, укук коргоо органдарынын жана мамлекеттик мекемелердин ишмердүүлүгүнө байланышкан кайрылуулар арбын түшкөнү айтылды.


Талкуу маалында депутат Чынгыз Ажибаев Россия Федерациясындагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жаатында жасалып жаткан иштерге кызыгып: “Алардан кандай кайрылуулар келип түшөт?” – деди.


Өз кезегинде Атыр Абдрахматова мурдагы акыйкатчы Россиянын ири шаарларына коомдук негизде иштеген кеңешчилерди жана жардамчыларды бекиткенин эске салып: “Алар менен тыгыз байланыштабыз. Көбүнчө бизге эмгек укуктары сакталбай, айлык маяналарын ала албай калгандар кайрылат. Биз кийинки жумада аталган өлкөнүн Федеративдик акыйкатчысы менен онлайн баарлашып, кызматташтыкты жигердүү уланттуу боюнча сүйлөшөлү деп турабыз”, – деп жооп берди.


Ошондой эле депутат Балбак Түлөбаев саламаттыгынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын иштөө маселесин көтөрүп, бул жааттагы мыйзамдар кандай аткарылып жатканын сурады.


Менчик ээсине карабастан ар бир мекемедеги жумуш орундарынын 5%ы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилиши керектигин белгилеген Акыйкатчы: “Бирок мамлекеттик кызматта бул талап 1%га да жетпей келет”, – деди. Депутат Балбак Түлөбаев Атыр Абдрахматованы аталган мыйзам ченемдерин талап кылуу менен аткарылышын көзөмөлдөөгө чакырды.


Ал эми депутат Адахан Мадумаров адам укуктарын бузуу көрсөткүчү жыл сайын көбөйүп бара жаткандыгы боюнча Акыйкатчынын отчетундагы маалыматты жүйө келтирип, Убактылуу кармоочу жайлардагы кыйноолорго токтолду.


Ушундай эле пикирге токтолгон депутат Шайлообек Атазов убактылуу кармоочу жайлардагы шарттар начар экендигин айтып, муну менен катар түрмөлөрдө адилетсиз кармалып жаткан жарандардын саны канча экенине кызыкты. Бул суроого жооп берип жатып “Азыркы учурда абактарда жаткан жарандардын саны 8500дөн ашык” – деген Акыйкатчы 100гө жакын адам адилетсиз соттолгонун айтып кайрылганын кошумчалады.   


Андан тышкары, депутат Айбек Осмонов кыргыз жарандары 20дан ашуун өлкөдө, анын ичинен Кытайда да кылмыш жообуна тартылып, жазасын өтөт жатканын айтып: “Ошолор боюнча маалымат барбы?” – деди. Өз кезегинде Акыйкатчы “Расмий маалыматтар боюнча Россияда соттолгондордун саны 1012, Кытайда 12 адам деп жүрөт”, – деди.


Талкуу депутаттар Акыйкатчынын баяндамасын эске алуу чечимин кабыл алды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн